Каржылга мөңгүсүБорколдой кырка тоосунун түн. капталындагы чуңкурчак тибиндеги мөңгү. Уз. 4,6 км, аянты 5,1 км2.

Нарын д-нын сол куймасы Каракол суусунун алабынан орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4760 м, этеги 4040 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4400 м. Абляция облусунун аянты 2,3 км2. Мөңгүдөн Каражылга суусу башталып, Карачукурга (Караколдун сол курамы) оң тараптан куят.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2