Курман-Гали Каракеев

(Каракеев, Курман-Гали барагынан багытталды)

Курман-Гали Каракеев (07.11.1913-жылы туулган, Жети-Суу облусу Пржевальск уезди, Күрмөнтү кыштагы (азыркы Ысык-Көл облусу, Түп району) – тарыхчы, мамлекеттик ишмер, тарых илиминин доктору (1970), профессор (1971), Кыргыз ССР Илимдер академиясынын академиги жана президенти (1960), СССР Илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү (1968), Кыргыз ССРинин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1970), Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1972).

Курман-Гали Каракеев

Өмүр таржымалыОңдоо

1933-ж. Ысык-Көл техникумун, 1946-ж. КПСС БКнын алдындагы жогорку партиялык мектепти, 1956-ж. Кыргыз мамлекет педагогикалык институтун, 1959-ж. КПСС БКга караштуу Коомдук ИАсын бүтүргөн.

1933–34-жылы «Ленинчил жаш» гезитинде бөлүм башчы, редактордун орун басары.

1934–36-жылы Кыргыз аткомунда бөлүм башчы.

1938–39-жылы «Коммунист» журналынын башкы редакторунун орун басары.

1939–44-жылы Кыргызстан КП Фрунзе обкомунун пропаганда жана агитация бөлүм башчысына орун басар, Тяньшань, Ысык-Көл обкомдорунун катчысы.

1946–49-жылы «Кызыл Кыргызстан» гезитинин редактору.

1949–52-жылы Кыргызстан КП БКнын үгүт-насыят бөлүмүнүн башчысы.

1952–57-жылы Кыргызстан КП БКнын катчысы.

1960–78-жылы Кыргызстан ИАнын президенти. Андан кийин тарых институтунда бөлүм башчы.

1952–56-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасы.

1947–63-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин 1962–79-жылы СССР Жогорку Советинин депутаты.

ЖетишкендиктериОңдоо

Кыргыз Республикасында илимий мекемелерди уюштуруу жана өнүктүрүүдө зор салым кошуу менен илимдин өнүгүшү, илимий изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун көтөрүү, илим менен өндүрүштүн байланышын чыңдоо жана жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо боюнча көп иш жүргүзгөн. Анын Кыргызстандын, анын ичинде Ысык-Көл кылаасынын тарыхына арналган 250дөй илимий эмгектери бар.

«Кыргыз ССР тарыхынын» авторлорунан жана редакторлорунун бири. Эмгектери негизинен маданий курулуштун айрым маселелерине, улуттук байланыштын теориясы менен тарыхына жана республикадагы илимдин өнүгүш тарыхына арналган.

СыйлыктарыОңдоо

Ленин, Октябрь Революциясы, 4 Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

ЭмгектериОңдоо

  • Из истории культурного строительства в Киргизстане. Ф., 1968;
  • Ленин и развитие науки Советского Киргизстана. Ф., 1969;
  • Академия наук Киргизской ССР. Ф., 1974;
  • Каракеев К. К. Великой Октябрь и наука Киргизстана. Ф., 1977.

Колдонулган адабияттарОңдоо