Каракесек"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери, окчу уруусунан. Алтайдан Анжыянга көчөлү деген кеңешке катышат жана Кер-Көлдөгү Орго канды көздөй жөнөгөн аскердин ичиндеги баатырлардын катарында аты аталат (Сагымбай Орозбаков, 2. 14, 68).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4