Каракол суусу, Кочкор району

Каракол суусу, Кочкор району, Чыгыш Каракол – Кочкор суусунун башаты. Кочкор районунун аймагында. Узундугу 51 км, алабынын аянты 533 км2. Кыргыз Ала-Тоосунун Түштүк капталынан башталып, кууш тепши сымал капчыгай жана өрөөн аркылуу агат. Ири куймалары: Корумду, Үч-Куулук, Ийри-Суу. Булардан башка 30дан ашык майда куймасы жана алабында чакан (аянты 0,01 км2) көл бар. Жылдык орточо чыгымы 4,76 м3/сек; эң көбү 63,6 м3/сек, эң азы 0,16 м3/сек. Апрелдин аягында кире баштап, сентябрда тартылат. Сугатка пайдаланылат. Сол жээгинен Дөң-Алыш, Кара-Мойнок кыштагы орун алган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү