Каракорум - Чаткал району аркылуу аккан суу, Чаткалдын оң куймасы.

Узундугу 33 км, алабынын аянты 125 км2. Пскем кырка тоосунун түштүк- чыгыш капталынан агып түшөт. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги- 2850 м. 7 куймасы бар, ириси Чолок, Жарты-Суу. Кар, жаан-чачын сууларынан куралат. Жылдык орточо чыгымы 2,5 м3/сек. Эң көбү майда, азы январда байкалат. Боюнда Мусабек кыштагында жайгашкан. Сугатка пайдаланылат.

булактар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы/ Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, Бишкек 2004 — ISBN9967-14-00-6-2