Каракуш мээ - мээнин бөлүгү.

Мээнин кежиге бөлүгүндө, сүйрү мээнин үстүндө жайгашып, аны толук жаап турат. Ортоңку бөлүгү аркылуу бириккен эки бөлүкчөдөн туруп, ак жана боз заттан түзүлөт. Сырткы боз заты (кыртышы) нерв клеткасынан турат. Каракуш мээнин борборунда жайгашкан ак затын нерв талчалары түзөт. Каракуш мээнин кыртышы 5 түрдүү клеткадан турган 3 катмардан түзүлүп, ал клетканын төртөө тормоздоочу болуп эсептелет. Каракуш мээ үч жуп бутчалары менен мээнин төмөнкү жана жогорку бөлүктөрүнө биригет. Каракуш мээден келген импульстар туруп туруу, басуу, тең салмакты сактоочу булчуңдарды жөнгө салат жана координациялайт. Каракуш мээге алкоголь жана башка уу заттар таасир эткенде кишинин кыймыл-аракети бузулуп, басмак түгүл отура албай калат. Каракуш мээнин тубаса жабыркашы кишиде тең салмактуулуктун, булчуң тонусунун, жыйрылуусунун бузулушуна алып келет, бат чарчайт. Жаныбарлардын Каракуш мээсин алып таштаганда шарттуу рефлекстик аракеттери жоголот. Каракуш мээнин белгилүү жерин электр менен дүүлүктүргөндө айрым булчуңдардын тобуна (көздүн, баштын, кол-буттун) кыймыл реакциясын чакырат, вегетатив нерв системасына байланыштуу физиологиялык процесстер өзгөрөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8