КаралмаСузак районундагы суу, Көгарттын оң куймасы. Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталынан башталат. Уз. 30 км, алабынын аянты 192 км2.

Туурасуу менен Капка суулары кошулгандан баштап Каралма Деп аталат. Токойлуу өрөөн м-н түш.-батышты карай агат. 12 куйма сы бар. Ж ылд ык орт. чыгымы 1,23 м3/сек, эң көбү апрель – майда, азы январь – февралда байкалат. Мартта кирип , октябрдан тартыла баштайт.Көп бөлүгүндө кууш капчыгай аркылуу аккандыктан сугатка айрым гана куймалары пайдаланылат. Алабында Өчбулак, Каралма, Кызылкыя, Сай, Бешжаңгак кыш. жайгашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2