Карама-каршылыксыздык (орус. Непротиворечивость) – билимге, өзгөчө илимий билимге карата колдонулган негизги талаптардын бири: билимдин каалагандай системасында ой корутундусу катары алынган сүйлөм менен аны четке кагуу бир мезгилде болушу мүмкүн эмес. Илимий теориялардын кеңири тармактары үчүн карама-каршылыксыздык талабы «жалгандыктан каалагандай сүйлөм чыга берет» деген логикалык принциптин адилеттигин таанууга тең маанилеш. Тигил же бул теориядагы карама-каршылыксыздык талабынын бузулушу анын талкаланышына алып келет, себеби мындай бузулуш каалагандай сүйлөмдү далилдөөнү мүмкүн кылат.

Карама-каршылыксыздык талабы тигил же бул затык чөйрөгө таандык ар кандай теориялардын ортосундагы, ошондой эле бир эле теориянын өнүгүшүнүн ар кандай тарыхый стадияларынын ортосундагы карама-каршылыктардын болушун четке какпайт. Кандайдыр бир теорияда карама-каршылыксыздыктын орношу ага ылайык келген метатеориянын негизги талабы болуп саналат.

19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында пайда болгон жана учурдагы математиканын негизи болуп саналган көптүктөр теориясынын парадоксу логика менен математиканын негиздөөлөрү ар кандай багыттарда ар кандайча чечилген илимий теориялардын карама-каршылыксыздык көйгөйүн тривиалдуу эместигин көрсөттү. Илимий теориялардын белгилүү бир тармактары үчүн алардын карама-каршылыксыздык талаптарын карамакаршылыксыздыктын жеңилирээк талаптары менен алмаштыруу мүмкүн.



Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8