Карама-каршылыктардын биримдиги жана күрөшү

Карама-каршылыктардын биримдиги жана күрөшү (орус. единство и борьба противоположностей) – диалектиканын негизги мыйзамдырынын бири. Жаратылыш кубулуштары менен социалдык – тарыхый чындыктын өз ара кыймылынын жана өнүгүүсүнүн булагын туюндурат.

Карама-каршылыктардын биримдиги жана күрөшү мыйзамга баш ийген бардык обьектилердин мүнөздөмөсү алардын кыймылы менен өнүгүүсүнүн булагын алардан башка жактан, табияттан сырткары күчтөрдөн эмес, ошол обьектилердин өздөрүнөн көрсөтөт. Бул мыйзам ар кандай бүтүндүктү бири-бирине түздөн – түз шайкеш келбеген элементтер менен тенденцияларды өзүнө камтыган татаал жана ажыратылуучу ситема катары түшүнүүгө мүмкүндүк берет.
Мисалы: биологиялык эволюцияда тукум куучулук жана өзгөрүүчүлүктүн карама-каршылыктардын биримдиги менен күрөшүү аркылуу турмуш формаларынын ар кандайы калыптанат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8