Карапачылык, кумарачылык – чопону бышырып, түрдүү буюмдарды (идиш-аяк, оюн чук, сувенир, чырак, кирпич, черепица жана башка) жасап чыгаруу. Карапачылык от сыяктуу улуу ойлоп табуулар менен бир катарда турат жана адамзаттын жапайылыктан варварчылыкка өтүшүнүн жышааны болгон. Орто кылымда дүйнөдөгү отурукташкан элдин көпчүлүгү карапачылыкты өздөштүргөн. Алгач карапачылыктын жөнөкөй ыкмалары колдонулса, кийин төмөндөгүдөй технологиялык ыкмалар пайдаланылган: 1) даярдоо иши; 2) жасоо иши. 3) бекемдөө иши. Карапа үчүн кумара очогу жана кумара чарыгы колдонулат. Кумара очогу – кумара буюмдарын бышыруучу меш. Ал байыркы Чыгыш өлкөлөрүндө Биздин заманга чейинки 3-миң жылдыкта пайда болгон. Кумара чарыгы – идиш жана башка карапа буюмдарын формалоо үчүн айлануу инерциясын пайдаланып, буюмдун формасын жакшыртуу, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берген жөнөкөй станок. Көркөм карапачылыктын өнүгүшүндө карапа жасоочу чопо жана анын аралашмасын, калыбын түшүрүү, бышыруу, ийлөө жана буюмдун бетин кооздоо ыкмаларын табуу зор роль ойноду. Кытайдын чыдамдуу чыны буюмдары Европа менен Азиянын көп өлкөлөрүндө көркөм карапчылыктын өнүгүшүнө кыйла таасир тийгизди. Анын негизинде Самарканд менен Бухарада чынылап капталган имараттар пайда болгон (10–15-кылым). Кыргызстанда көркөм карапачылык кийинчерээк өнүгө баштады. Карапачылык чеберлери жердикке Кара-Кеченин ак, Өзгөн, Ивановканын кызыл, Таластын сары жана Кажы-Сайдын көгүш топурактарын пайдаланат. Карапачы алгач жасалуучу буюмдун үлгүсүн кагазга түшүрөт. Топуракты торко электен өткөрүп, эки-үч күн чылап, ачытат. Аябай эзилген соң, аны калыпка куят. Суусу соругуп, нымдалып, топурак ийине келет. Анан кол менен жууруп, ийлеп, көркөм калыпка түшүрөт. Калып топурактын нымын соруп, акырын көмкөрсө, өзүнөн-өзү аңтарылып түшөт. Кургатып, 800°ка чейинки ысык отко бышырат. Суугандан кийин аны боёп, кайра 1000– 1200° температурада ысытып жалтыратат. Мындан ар түрдүү вазалар, идиштер (челек, табак, көөкөр, аяк, кесе, чай чыны) дубалга илинүүчү кооздук буюмдар, кыз-келиндердин жасалгалары, бедиздер жана башка жаралат. Учурда Ж. Ташиев, Э. Шаршеев, К. Кулуев, Э. Кылычбеков жана башка карапачы-чеберлер мурдатан колдонулуп келген көркөм карапачылыкты андан ары өркүндөтүшүп, жаңы мазмундагы эмгектерди жаратышууда. Белгилүү карапачылыктын чебери Ж. Ташиевдин «Саймалуу-Таш», «Таш табак», «Умай эне», «Тогуз-Коргоол» жана башка эмгектери эл аралык (Япония, Улуу Британия, Германия, АКШ, Канада, Жаңы Зеландия, КМШ жана башка), бүткүл союздук, республикалык көргөзмөлөргө коюлуп, чет элдиктердин кызыгуусун туудурууда.

Колдонулган адабияттар түзөтүү