Карасаз өрөөнү - Ички Теңир-Тоодо. Түндүгүнөн Каражорго, Каракаман, түштүгүнөн Капкаташ тоолору м-н чектешип, Карасаз суусунун алабын ээлейт.

Тоң, Нарын, Кочкор р-ндорунун аймагында. Уз. 32 км, туурасы 7 км. Өрөөндүн таманы 2800–3100 м бийиктикте жатат. Тегерегиндеги тоолордун ага салыштырмалуу бийикт. 500–700 м. Батышында Белтепши ашуусу аркылуу (3270 м) Солтонсары, Жалпакбел (3300 м) ашуусу аркылуу Каракужур, чыгышында анча бийик эмес байыркы мореналардын кыры, дөбөлөрү аркылуу Балгарт өрөөндөрү м-н чектешет. Таманы ортоңку бөлүгүндө кеңейип, саздак. Даана байкалган бир нече тектири бар, айрым жерлери дөбөдөңсөлүү. Капталдары жантайыңкы келип, майда кокту-колот, өрөөндүү. Өрөөндүн таманы антропогендин шагыл, майда таш, кум, чопо чөкмөлөрүнө толгон. Климаты континенттик, январдын орт. темпрасы — 14°С, июлдуку 9°С. Жылдык жаан-чачыны 400 мм. Өрөөндүн таманына альп доңуз сырттуу шалбаа, каптал беттерине талаа, күнгөйүнө шалбаалуу талаа ж-а нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайкы жайыт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2