Карасук этабы. Динлин этногенези

Карасук этабы - менен белгиленген андроновдук уруулар союзунун ыдырашы Минусин крайынан батышты карай скиф маданиятынын, чыгышты карай (эки кылым кечирээк) — гунну маданиятынын калыптанышы менен байланыштуу. Белгилүү бир даражада, Минусин крайы өзүнүн орун алып турган абалына жана маданияты менен чарбасынын өнүгүү мүнөзүнө жараша ал жерде минусин коргондору деп аталган же, башка бир терминология боюнча, тагар маданияты деп аталган маданият өнүгө баштаган мезгилде бир нече убакыт бою бейтарап тилке катарында саналган. Мындагы мүнөздүү нерсе Алтайда жана Жети-Сууда темир турмушка кеңири колдонула баштаган болсо, Минусин крайында али коло үстөмдүк кылып турган. Минусиндиктер батыш скиф маданиятынын таасирин баштарынан кечирип жаткан, кийин гана алар улуу гунну державасынын системасына кошулганда, алар менен бирге бул райондордогу тарыхый процесстерде кайрадан алдыңкы абалды ээлей баштайт. «Айбанаттар стили» деп аталган өнөрчүлүк өзүнүн түпкү тегин тигил же бул айбанат (тотем) менен байланыштырган жана анын сүрөтүнөн сыйкырдуу күчтү көргөн адамдын идеологиялык көз карашынын системасы менен шартталган. Айбанаттардын сүрөтүн тартуунун ыгы менен мүнөзү минусиндиктердин маданиятын скиф маданияты менен тыгыз байланыштырып турат. Бул байланыш экинчи жана үчүнчү этаптардын эстеликтеринен ачык байкалат. Чынында да, ушул мезгилде (б.з.ч. V—I к.) Енисей менен канатташ аймактарда, Алтайда жана андан ары батыш тарапта адепки көчмөндөрдүн калыптанып калган, «айбанат стилиндеги» өз маданияты болгон. Минусиндиктерге өзүлөрү менен коңшу жашаган бул кубаттуу уруулар союзунун, жок эле дегенде маданият жагынан таасири тийген эмес деп айтууга болбостур. Ал гана эмес, тескерисинче, скиф маданиятына карасук мезгилинде эле айбанаттардын сүрөттөрү пайда боло баштаган минусиндиктердин олуттуу таасири тийген деп белгилесе да болчудай. Азия аймагында Минусин крайы айбанат стилиндеги искусствонун пайда болуп, калыптанышынын эң байыркы борбору болуп саналат. Ошондуктан, кээ бир изилдөөчүлөрдүн Борбор Азия менен Түндүк Кытайдын тийиштүү сюжеттеринин калыптанышында байыркы минусиндиктердин, кийинчерээк Алтай тургундарынын таасири да бир кыйла мааниге ээ болгону жөнүндө айтып жүрүшкөнү бекер эместир. Скиф доорундагы Минусин крайы менен Алтай маданиятындагы көрүнүштөрдүн жалпы экенине карабастан, барып келип эле, негизги маданий жана саясый байланыштар мында түштүк-чыгышка карай кетет. Енисейге мүнөздүү болгон окшош маданият менен көрүнүштөрдүн изи Тува жана Моңголия тарапка кетип жатканы кокустук эместир. Ал маданият жана көрүнүштөр Забайкалье аймагын камтып, Кытайга чейин жетет. Бул байланыштын бар экени карасук доорунда эле байкаларлык болуп калган. Жогоруда аталган, батышта Томск меридианы менен, чыгышта Байкалдан түндүктү карай, Иркутск меридианы менен чектелген аймак менен болгон маданий байланыштардын кандайдыр бир жалпылыгы байкалып турат. Түндүктө бул маданият Красноярск параллелине чейин, түштүктө — Улан-Батор, атүгүл Пекин параллелине чейин түшүп келет. Баяндалып жаткан аймактын маданиятынын бирдиктүүлүгү башы сүйрү (соку баш), бети долихопрозопикалык түзүлүштөгү, кууш келген дөң мурун, желкеси түз раса тибиндеги адамдар таралган ареал менен дал келет. Булар кытай жылнаамаларындагы динлиндер менен бомалардын эле өзү болуп саналат; алар кытай элин көздөрүнүн көктүгү, саргыч чачы жана ак жуумал жүзү менен таң калтырган. Енисейдин калкынын бул тиби биз жогоруда баяндап өткөн чарбанын жана маданияттын өнүгүшүнүн негизинде түзүлгөн. Биз үчүн негизги, бир кыйла маанилүү болгон корутундуларды жыйынтыктайлы. Биздин заманга чейин III кылымга карата, башкача айтканда биринчи жолу «кыргыз», кытайча «цзянь-кунь» деп аталган, Минусин крайында, Енисей дарыясынын жогорку агымы тарапта жашаган уруулардын турмушу төмөнкүдөй болгон: алар коло эритип куюу боюнча мыкты өнүккөн өндүрүшкө ээ болгон, дыйканчылык, аңчылык жана балыкчылык менен кесиптенишкен, жарым-жартылай отурукташкан, малды жайытта багып өстүрүүчү уруулар болгон. Минусин крайынын тургундарынын маданияты — биздин заманга чейин III миң жылдыктын орто ченинен бери тарта чарбачылыгынын узак мезгилдер бою өнүгүшүнүн жемиши, кытайларга динлин деген аталыш менен белгилүү, өңү-түсү ак саргыл, башы сүйрү (соку баш) типтеги адамдарга таандык болгон. Динлиндер Борбор Азия менен байланышканга чейинки мезгилде узак этногенез тарыхын баштарынан кечирген; бул этногенез процессине ар түрдүү, кээде аймактык жактан бири-биринен алыс турган уруулук компоненттер катышкан. Динлин этногенезинин негизинде кыргыз деп аталган жаңы этностук жалпылыктын калыптанып, өсүп-өнүгүшүнө мүмкүндүк берген өзгөрүүлөр болуп өткөн. Бул жаңы этностук көрүнүш мурда болуп өткөн динлин этногенезинин түздөн-түз натыйжасы болгон. Мында кийинчерээк кыргыз урууларын аларга туушкан түрк урууларынан узак мезгилдер бою айырмалап турган мал чарбачылыгынын, маданиятынын жана расалык тибинин мүнөздүү түрүнөн негиз салынган.

Дал мына ошондуктан кыргыз урууларынын пайда болушунун башаты, кыргыз элинин тарыхы — афанасьев маданиятынын археологиялык эстеликтери боюнча байыркы кыргыз коомунун келип чыгышына негиз болгон динлин этногенезин талдоодон башталууга тийиш.