Карасур

  1. Карасур Ошпурбайдын байгеге чапкан күлүгү. Алмамбеттин келишине арнап өткөрүлгөн тойдогу ат чабышта байгелүү орундардын бирин ээлейт (Сагымбай Орозбаков, 2. 341).
  2. Карасур — Койчумандын аты. Алмамбет келгенде Манас ага тартуулаган күлүктөрдүн бири (Сагымбай Орозбаков, 2. 318).
  3. Карасур — каңгайлардын байгеге чапкан күлүгү. Манас туулгандагы тойдогу ат чабышта байге алган тулпарлардын бири (Сагымбай Орозбаков, 1. 82).
  4. Карасур — Айдаркандын байгеге чапкан күлүгү. Тейишкандын тоюндагы ат чабышта Аккуладан кийин келет (Сагымбай Орозбаков, 2. 66).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4