Каратоко суусуКыргызстандын Чаткал району аркылуу аккан суу, Чаткал суусунун оң куймасы. Узундугу 24 км, алабынын аянты 150 км2. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 3300 м. Чаткал кырка тоосунун түндүк-батыш капталындагы мөңгүдөн башталып, кууш капчыгай аркылуу агып, Каратоко көлүнө куят, андан Чаткал өрөөнүнө агып чыгат. Куймалары: Ишенкул, Чарык-Салды, Көк-Тумшук, Өгүз-Жайлоо ж.б. Алабында мөңгү бар. Жылдык орточо чыгымы 2,60 м2/сек, эң көбү июнь–июль, эң азы февраль–мартта байкалат. Өрөөнү кооз; карагай, бадал токою ээлейт.

Булактар

түзөтүү