Карача — кейипкер. КызСайкалдын атасы. Бул каармандын образы эпостун варианттарында ар башкача чечилет. Сагымбай Орозбаковдун вариантында калмак доотайы, эл билерманы. Бул вариантта Каткалаң деген ылакап ат менен да айтылат. Текес кан жеңилгенде сексенге таяп калган К-ны эл кандыкка каалайт, көңүлдөнүп калганында кызыСайкал каршы болуп К. кайра кандыктан айнып калат. Ошондо эл бизге катаалдык кылдың деп, Каткалаң атка конуп кетет. К. Текестин иниси Тейишти кандыкка көрсөтөт. Тейиш кандын тоюндагы эрөөлдө Манастан найза жегенСайкал сайышка кайра чыкпай койгондо, Манаска К-нын айтуусу боюнчаСайкалдын атын тартуу тартышат. Манас Сарыбуурулду К-га берет (Сагымбай Орозбаков, 2. 46—48, 64—67). Саякбай Каралаевдин варианты нда кырк уруу кыргыздын бири нойгут элинин каны делет. Атасы Жакыпка таарынып, өзүнө ылайык жолдош издеп чыккан Манас Баба дыйкан менен ортоктошуп айдаган буудайын эли ачарчылыкка учурап, эгин издеп жүргөн К-га берип, акысына "Кулатайды" алып, ал кийин баатырдын айтылуу тулпары Аккула болуп чыгат. Акылы жетик, эл камын ойлогон К.:

Ал абалың кандай деп,

Картайганда Карача

Ал-абалын сурай жүр!

Эрендирсиң, эрдирсиң

Күтүп алчу сендирсиң!

Элди байкап чала жүр,

Менин жерим Лоп дайра

Ошондон кабар ала жүр! — деп Манаска анын жалпы кыргыз элине арка-бел экенин айтат (Саякбай Каралаев, 1. 172 —182). Манас өлгөндө кызыСайкалга алтымыш катын кошокчу менен тул салдырып берет (Саякбай Каралаев, 2. 253).

Колдонулган адабияттарОңдоо

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4