КарачиПакистандын түштүгүндөгү шаар. Синд провинциясынын административдик борбору. Инд дарыясынын дельтасында жайгашкан. Калкы 12,5 млн (2008); темир жана автомобиль жолдордун ири тоому. Эл аралык аэропорту бар. Башкы деңиз порту (жылына 25 млн тоннага чейин жүк ташылат). Алгач балыкчы белуждардын тургун жайы болгон. 1959-жылга чейин Пакистандын расмий борбору болуп келген. Карачиде фонд биржасы, машина куруу, (анын ичинде Япониянын «Toyota», Американын «General Motors» жеңил автомобилдерин чогултат), металл иштетүү кара металлургия, нефть ажыратуу, химиялык, текстиль, кеме куруу жана ремонттоо жана башка өнөр жай ишканалары, азот жер семирткичин чыгаруучу завод иштейт. Химиялык өнөр жай (упаковкаларын чыгарат) өнүккөн. Ак сарайы (1865, учурда китепкана), соборлор, чиркөөлөр, мавзолей, мечиттер сакталган. Университет, институттар, Илим изилдөө институттары, Аскер-деңиз академиясы, жогорку окуу жайлардын бир нече кампустары, музейлер, театрлар, китепканалар жана башка бар. Карачиге жакын жерде заманбап өнөр жай зонасы «Текстиль шаары» (негизинен кебез-кездеме, боёочу каражаттар, тигилүү кийимдер чыгарылат) уюштурулууда.

Карачи.

Колдонулган адабияттар түзөтүү