Карашов Өскөн Карашович (1942-ж.т., Каныш-Кыя айылы) - коомдук ишмер, райондун ардактуу атуулу.

Кыргыз мамлекеттик университетин бүткөн (1968).

  • 1958-63-жылдары Чаткал совхозунда жумушчу, механизатор болуп иштөөдөн баштаган.
  • 1968-80-жылдары Ош мамлекеттик педагогика институтунда окутуучу, ага окутуучу, кафедра башчысы, комсомол комитетинин катчысы, профсоюз уюмунун төрагасы,
  • 1980-81-жылдары Ош облустук тарых музейинин директору, облустук жашылдандыруу башкармасынын начальниги, Ош облустук кесиптик техникалык билим берүү башкармалыгынын окуу усулдук бирикмесинин директору,
  • 1991-94-жылдары Чаткал райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы,
  • 1994-96-жылдары Каныш-Кыя айылдык кеңешинин,
  • 1996 98-жылдары айыл өкмөт башчысы,
  • 1998-2005-жылдары А. Баймырзаев атындагы орто мектептин директору болуп иштеген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6