Кара-Алма өрөөнүФергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталындагы кооз жер. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда. Жалал-Абад шаарынан 48 км түндүк-чыгыш тарапта. Өрөөн аркылуу Көгарттын оң куймасы Кара-Алма суусу агат. Узундугу 28 км. Деңиз деңгээлинен 1380–3705 м бийикте. Рельефи боюнча экиге бөлүнөт: Фергана тоо тизмегинин кырына жакын жаткан бийик жагы аскалуу, корум-шагылдуу, төмөнкү бөлүгүнүн рельефи жылма келип, тегизделген жондордон, адырлардан турат. Климаты мелүүн континенттик. Январдын орточо температурасы –2,3оC, июл жаан-чачыны 900–1000 мм. Төмөнкү бөлүгүнүн (1000–2200 м бийикте) көбүн жыш жаңгак, мөмө-жемиш токою, түрдүү бадалдар ээлейт. Андан жогору субальп, альп шалбаалуу ландшафт алкактары жатат. Токоюнда элик, аюу, кашкулак, каман, каракур, кыргоол, кекилик, чүткөр жана башка жаныбарлар бар. Жаңгак токойлуу Кара-Алма өрөөнү – кооздугу жагынан сейрек кездешүүчү жайлардын бири. Эс алуу жайына айланууда. Мында балдар лагери жана токой чарбасы бар. Өрөөндө Кара-Алма, Марча жана башка кыштагы жайгашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү