Кара-Арча корукчасы
Кара-Арча корукчасы – Кара-Буура районундагы мамлекеттик ботаникалык корукча (заказниги). Талас Ала-Тоосунун Түндүк капталында. Кара-Арча суусунун алабында. Аянты 100 га. Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине кирген Грейг жоогазынынын табигый шартта жакшы өсүп жана көбөйүп жаткан ареалдарын коргоо максатында 1980-жылы уюшулган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9