Кара-Баткак мөңгүсүТескей Ала-Тоонун Түндүк капталындагы жабык төр тибиндеги мөңгү. Узундугу 3,5 км, туурасы 300–400 м, аянты 4,5 км2. Чоң Кызыл-Суунун алабында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4800 м, этеги 3300 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4050 м. Абляциясынын аянты 1,6 км2. Мөңгү таманы бир аз жантайыңкы келип, кенен төрдө жатат. Куралуу облусу менен «тилинин» ортосунда бийиктиги 20–30 мдей келген мөңгү жатат. Мөңгүнүн сол жак четинде тоо тектердин уранды сыныктары үйүлүп корумду түзөт. Каптал морена бар. Зор дого сымал аяккы морена менен мөңгүнүн этегинин аралыгында мөңгү көлү пайда болгон. Мөңгү тартылууда (жылына 5–6 м). Калыңдыгы 50 мден 80 мге чейин өзгөрөт. Андан агып чыккан суу Чоң Кызыл-Суунун оң куймасы Кашка-Төргө куят.

Мөңгүгө 1947-жылдан тартып үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүлүүдө. Эл аралык геофизикалык жылдын (1957-жылы, 1-июль) программасы боюнча 1-категориядагы байкоолорду жүргүзүү үчүн атайын тандалган. СССР убагында анын материалдары Москвадагы жана Цюрихтеги эл аралык илимий борборлорго жөнөтүлүп турган. Кийинки мезгилде мөңгүдө кээ бир гляциалдык-метеорологиялык байкоо-изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Экологиялык жактан таза, туюк төр.

Колдонулган адабияттар түзөтүү