Кара-Бейит көрүстөнү – 6–8-кылымдарда жашаган түрк урууларына таандык мүрзөлөр. Алай районундагы Сары-Таш айылынын чыгыш тарабында жайгашып, 100дөй дөбө-мүрзөлөрдөн турат. Адамдардын сөөгү топурак көрлөргө коюлуп, таш такталар менен жабылып, баш жагына төрт кырлуу таш түркүк орнотулган. Анда бир нече рун тамгасына окшош белгилер чегилген. 1961-жылы Ю. Д. Баруздин бир нече мүрзө-дөбөнү казып, изилдеген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү