Кара-Булуң арашан суусу
Кара-Булуң арашан суусу – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда, Кызыл-Суу кыштагынан 15 км түндүк-батышта, Кара-Булуң жарым аралында жайгашкан. 1975-81-жылдары чалгындалып, запасы бекитилген. Ысык суу неоген мезгилинин Чүй свитасындагы катмарлар менен байланыштуу. Бургулоо көзөнөгү аркылуу 1770-1960 м тереңдиктен агып чыгат. Суунун жер үстүнөн болгон статикалык деңгээли 12-30 м бийикке жетет. Бургулоо көзөнөктөрүнүн дебити 5-21 л/сек, суунун температурасы 39-50°С. Суу аз минералдашкан (0,4-1,20 г/л) жана начар жегичтүү (рН 8,1-8,7). Химиялык курамы боюнча гидрокарбонат-хлорлуу, хлоргидрокарбонаттуу, хлорлуу, натрийлүү. Сууга түшүү жолу менен ооруларды дарылоого жарамдуу. Запасы А категориясы боюнча 3154 м3/сут.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9