Кара-Буура ашуусуТалас Ала-Тоосунда, Кара-Буура (Таластын сол куймасы) жана Каракысмак (Чаткалдын оң куймасы) сууларынын башынан орун алган. Бийиктиги 3305 м. Тоо кырларынын ашуудан салыштырмалуу бийиктиги 500— 600 м.

Түндүгү чополуу тик бет; түштүгү куюлма шагыл, кумдуу. Ашуу үстүнкү протерозойдун филлит, кумдук, алевролит тектеринен туруп, мойногу чополуу жана корумдуу келет. Ал аркылуу өткөн автоунаа жолу Талас жана Чаткал өрөөндөрүн байланыштырат. Жол июнь айында ачылып, сентябрь — октябрь айларында кайра жабылат.

Адабият түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.:2004. ISBN 9967-14-006-2