Кара-Буура корукчасы
Кара-Буура корукчасы – Кара-Буура районундагы мамлекеттик аңчылык корукчасы (заказниги). Талас Ала-Тоосунун Түндүк капталында, Аташ-Чапкан, Кашка-Суу, Тандыр сууларынын алабын ээлейт. Аянты 15,0 миң га. Азайып бараткан элик, тоо эчки, суур жана Кыргызстандын Кызыл китебине кирген аркар-кулжаны коргоо жана көбөйтүү максатында 1976-жылы уюшулган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9