Кара-Жорго тоосу - Ички Теңир-Тоодо. Кочкор жана Нарын райондорунун чегинде. Түндүгүнөн Кара-Кужур өрөөнү, түштүгүнөн Кичи Кара-Кужур, Солтон-Сары, батышынан Сары-Булак сууларынын өрөөндөрү менен чектешет. Кеңдик багытта 66 кмге созулат. Туурасы 12 км. Орточо бийиктиги 3600 м, эң бийик жери 3933 м. Айланасындагы өрөөндөрдөн салыштырмалуу бийиктиги чыгышында 380 м, батышында 800 м. Кара-Жорго тоосу горст-мегантиклиналдык түзүлүштө. Батыш бөлүгү неогендин аягы – төртүнчүлүк мезгилинин башында, ал эми чыгыш жагы төртүнчүлүк мезгилинде көтөрүлгөн (бул бөлүгү палеоген, неогендин кызыл түстүү тектери менен капталган). Кырына байыркы тайпаң жерлер мүнөздүү. Май-Төр суусунун башында байыркы тайпаң жерлер 3400 м бийиктикте жатат, ал чыгышты көздөй 3000 мге чейин жапыстап, батышты карай айрым жерлери 3800 мге чейин көтөрүлөт да, кайра 3000 мге чейин жапыстайт. Түндүк капталы узун жана жантайыңкы, Түштүк капталы кыска. Түндүк капталында тепши сымал өрөөндөр да кездешет. Кокту-колоттуу, сайлуу келип, Ак-Кыя (3495 м), Кашка-Суу (3627 м), Чамынды-Жылга (4414 м), Жалпак-Бел (3300 м) жана башка ашуулары бар. Кара-Жорго тоосу негизинен ордовиктин интрузия (гранит, гранит-диорит) жана протерозойдун метаморфизм (мраморлошкон, доломиттешкен акиташ, филлит, кумдук, алевролит, диабаз, туф) тектеринен түзүлгөн. 3100–3800 м бийикке субальп, шалбаалуу-талаа, Түндүк капталына альп шалбаа ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү