Кара-Каман
Кара-Каман – Ички Теңир-Тоодогу суу, Кичи Нарындын оң куймасы. Узундугу 36 км, алабынын аянты 331 км2.
Кара-Каман
| |
---|---|
Мүнөздөмө | |
Узундугу | 36 км |
бассейндин аянты | 331 км² |
Жайгашкан орду | |
Өлкө | Кыргызстан |
Башында Чоң Кара-Каман жана Кичи Кара-Каман аталат. Жогорку агымында кууш өрөөн аркылуу шар агат. Ортоңку бөлүгү тектирлүү. Кара-Камандын 4 куймасы бар. Негизинен кар жана булак сууларынан куралат. Жылдык орточо чыгымы 2,143,3 м3/сек. Эң көп чыгымы июль 4 августта, азы январь 4 февралда байкалат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9
- Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2