Кара-Керме мөңгүсү
Кара-Керме мөңгүсү – Какшаал кырка тоосунун Түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги ири мөңгү. Узундугу 11,6 км, аянты 27,3 км2. Мүдүрүм суусунун алабында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5840 м, этеги 3840 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4360 м. Абляциясынын аянты 6,4 км2. Куралуу аймагы кенен, үч зор мөңгүнүн кошулушунан түзүлгөн. Алардын «тилдери» ортоңку мореналар менен бөлүнүп, өрөөн боюнча 6 кмге созулат. Этегинен 35–40 м төмөн жаңы «этек морена» жатат. Мөңгүдөн Мүдүрүмдүн сол куймасы – Кара-Керме суусу башталат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9