Кара-Кужур суусу, Кочкор району

Кара-Кужур суусу, Кочкор районуКочкор районундагы суу, Сары-Булак кыштагынан төмөнкү бөлүгү Жоон-Арык деп аталат. Узундугу 84 км, алабынын аянты 1240 км2.

Кара-Кужур суусу
Мүнөздөмө
Узундугу 84 км
бассейндин аянты 1 240 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан
Област Нарын облусу
Район Кочкор району

Тескей Ала-Тоонун Түштүк капталынан башталып, батышка карай тектирлүү тектоникалык өрөөн аркылуу агат; Төлөк суусу менен кошулуп, Жоон-Арык суусун түзөт да, түндүккө карай бурулат. Негизги куймалары: Сөөк-Төр, Кашка-Суу, Коңур-Өлөң, Ак-Таш жана башка. Алабында жалпы аянты 0,15 км2 болгон 2 көл бар. Жылдык орточо чыгымы 8,46 м3/сек, эң көбү 29 м3/сек (14. 4. 1934), эң азы 1,80 м3/сек. Апрель айында кирип, сентябрда тартылат. Жээгинде Сары-Булак, Ак-Кыя жана башка кыштагы жайгашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү