Кара-Кум шамалы
Кара-Кум шамалы, казан жик шамалы – чыгыштан соккон катуу шамал. Түркмөнстандагы Кичи Балкан менен Копетдаг тоо өткөөлдөрүндө, Кичи жана Чоң Балкан тоолорунун аралыгында согот. 15 м/с ылдамдык менен чаңды өйдө көздөй сапырып, чаңдуу бороон менен коштолот. Эң катуу шамал кышында жана жазында жүрөт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9