Кара-Саадак – 11–12-кылымдардагы феодалдык чарбак-сепилинин калдыгы табылган жер. Куршаб суусунун Кара-Дарыяга куйган жерине жакын жерде жайгашкан. Чарбактын аянты 30×30 м; да жай жана чарбалык курулуштар дубалдарды бойлото салынган. Алардын айрымдарынын тамандарына бышкан кыш төшөлгөн. Казуу учурунда очок, меш, тыйын, жаргылчак жана башка табылган. Орто кылымдагы Кыргызстандын материалдык маданиятын изилдеп билүүдө Кара-Саадактын мааниси чоң.

Колдонулган адабияттар түзөтүү