Кара-Сай суусу, Жети-Өгүз району

Кара-Сай суусу – Чоң Нарындын сол куймасы. Жети-Өгүз районунун аймагы менен агат. Узундугу 61 км, алабынын аянты 845 км2. Ак-Шыйрак тоо тоомунун Түндүк-батыш капталындагы мөңгүлөрдөн башталып, түштүк-батышты, түштүктү, андан кийин батышты карай агат. Башталышында капчыгай аркылуу өтүп, тоодон чыкканда нугу кумдуу келип, саздуу өрөөн менен агат да, салааларга бөлүнүп, Чоң Нарынга сол жактан куят. Ири куймалары: оңу – Ачык-Таш-Төр, Кундай, Кырк-Коо-Суу, солу – Эгиз-Төр, Сары-Төр, Туюк-Чакыр-Корум. Жылдык орточо чыгымы 13,9 м3/сек. Апрелде кире баштап, сентябрь–октябрда тартылат. Эң көп чыгымы июль–августта, азы январь–февралда байкалат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү