Кара Казык мөңгүсүАлай кырка тоосунун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү.

Шаймерден суусунун сол курамы Аксуунун алабында жайгашкан. Уз. 4,6 км, аянты 3,6 км2, көлөмү 0,160 км3. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5000 м, этеги 3800 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4160 м. Абляция облусунун аянты 1,4 км2. Мөңгүдөн Караказык суусу башталат да, Арчабашы суусу м-н кошулуп, Аксууга куят.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2