Кара ТерекЧаткал районунун аймагы аркылуу аккан суу, Чаткал суусунун сол куймасы.

Кара Терек
Мүнөздөмө
Узундугу 23 км
бассейндин аянты 157 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан
Област Жалал-Абад облусу
Район Чаткал району

Чаткал кырка тоосунун түн.-батыш капталынан, Каратерек ашуусуна жакын (3488 м) башталып, кууш өрөөн аркылуу агат. Узундугу 23 км, алабынын аянты 157 км2, деңиз деңг. орт. бийикт. 2600 м. Өрөөнүнүн төрүндө үч ашуу бар: Канышкыя, Акташ ж-а Каратерек. Ашуулар Чаткал өрөөнүн Касансай ж-а Алабука өрөөндөрү м-н байланыштырат. Онго жакын куймасы бар. Негизинен кар, жаан-чачын ж-а булак сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 2,0 м3/сек, эң көбү май – июнда, эң азы февралда байкалат. Өрөөнү жайыт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2