Кара аш
Кара аш — өлгөн адамды жайына коюп келгенден кийин чогулган элге берилүүчү тамак. Адатта К. а-ка бодо мал, жылкы жана майда жандыктар да союлат:
Токсонго чыгып мен өлбөй,
Тоодоюм Манас сен көмбөй,
Алдыңкы жолду чаңдатып
Кылым журтту айдатып
Кара ашыма тойбодуң (Саякбай Каралаев, 2. 246).
Сагымбай Орозбаковдун вариантында да Көкөтөйдүн К. а-ы берилгендиги баяндалат, к. Аш.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4