Кара жама, некробактериоз – малдын жугуштуу ылаңы. Аны менен малдын бардык түрү жана канаттуулар ылаңдайт. Малдын оозунун тегереги, былжыр кабыкчалары, ички органдары, туягы ириңдеп, жарага айланат. Ылаң козгогучу – анаэроб тобундагы микроб. Кыргызстандын шартында козу, улакта кара жаманын ооздон кармаган түрү көп кезигет. Ылаңдын микробу мал жайылган жерде, кыкта, малдын ичеги-карынында болот. Дарылоодо ылаңдаган малга карантин коюп, жакшы тоюттандырылат, зоогигиеналык жакшы шарт түзүлөт. Жарасын тазалап, 1–3%түү марганцовканын же перманганаттын эритмеси менен жууп, дезинфекциялоочу май, антибиотиктер колдонулат. Алдын алууда короо-сарайларды кургак жана таза кармоонун мааниси чоң. Жаш төлдүн киндигин убагында туура кесип, йод тундурмасы менен күйгүзүп, кара жамага каршы төлдүн 2–3 күндүгүнөн баштап вирусвакцина менен эмдөө керек. Короо-сарайды дезинфекциялоо, малды дайыма ветеринардык көзөмөлдөн өткөрүп туруу зарыл.

Колдонулган адабияттар түзөтүү