Кара канаттуу ачачулдук (Glareola nordmanni), (J.G. Fischer, 1842):

Glareola nordmanni

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Евразияда төмөнкү Дунай өрөөнүнөн чыгышты көздөй жогорку Обдун өрөөнүнө чейин. Түндүккө карай Полтава областына жана Воронеж областынын түштүк бөлүгүнө чейин, Волга жана Урал дарыяларынын ортосу 55-параллелге чейин, Костанай районуна, Чаны көлүнө, Каменң-на-Обиге чейин. Түштүк тараптан Кара деңиздин түндүк жээгине, Чоң Кавказдын түндүк тоо этектерине, Устюрттун түндүгүнө, Арал деңизи жакта 45- параллелге чейин, Сырдарыя өрөөнү боюнча жогору карай Казалинскке, Тургайдын төмөн жагына чейин, Сарысу жана Зайсан ойдуңдары. Учуп өтүүдө Казакстандын бардык жеринде кездешет . Кыргыз Республикасында учуп өтүүдө өрөөндүү жерлерде учурайт .

Жашаган аймактары түзөтүү

Суу жана суунун жанындагы мейкиндикттерди артыксынтат.

Саны түзөтүү

Саны боюнча системдүү маалымат жок.

Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары) түзөтүү

Учуп өтүүчү түр. Көбүнчө курт-кумурскалар менен азыктанат.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Жашоого ыңгайлуу аймактарга тийгизген антропогендик таасир: жер иштетүү, мал жаюу, атып өлтүрүү. Жакалуу ачачулдук менен конкуренттүү карым-катнашта турушу мүмкүн.

Көбөйтүү (колдо багуу) түзөтүү

Кыргыз Республикасында колдо багылбайт.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Республикада атайын коргоо чаралары жок. Түр I UCNдин Кызыл китебинин 8-категориясына Data Deficient киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Кичи заказниктерди түзүү аркылуу эс алуу жана уялоо жерлерине адамдын иш-аракетинин тийгизген таасирин чектөө. Мындай аймактарды жана караканаттуу ачачулдуктун республикада болуу мүнөзүн аныктоо.

Статусу түзөтүү

VIII категория. Data Deficient, DD. Кыргыз Республикасынын фаунасында уруунун эки түрүнүн бири. Монотиптүү түр.

Колдонулган адабияттар түзөтүү