Кара курсактуу кул ээлөөчү кумурска

Кара курсактуу кул ээлөөчү кумурска (Rossomyrmex proformicarum), (K. Arnoldi, 1928) - Түркүмдө үч түр белгилүү, R. proformicarum жана R. minuchae Tinaut, 1981 (Пиреней жарым аралынын эндемиги), 1996-жылы VU D2 категориясы менен киргизилген ; 1995-жылы Кытайдан жазылган R. quandratinodum Xia & Zheng, 1995 статусу тактоого муктаж.

Түрдүн жетилген стадиясынын сырткы түзүлүшү түзөтүү

Дене түзүлүшү ичке келген кумурскалар, жумушчулары орто көлөмдө, денесинин узундугу 5,2–5,6 мм. Башы, көкүрөгү жана петиолу кызыл- сары, курсагы (бир сегменттен турган бутакчасынан башкасы) кара, бир аз коло сымал жылтырак. Көздөрү туура өнүккөн, үч көзчөсү бар, башы чоң, көкүрөгүнөн жазы, кежиге жагы чуңкурлуу, муунактуу мурутчаларынын скапусу (базалдуу бөлүкчөсү) анча терең эмес мурутчаларынын чуңкурунан кежигесинин четине чейинки аралыгы кыска, чайнагычы өнүккөн сегиз түштүү. Буттары агыш-боз, денесинин арка жагында түкчөлөр өнүккөн, айрыкча проподеумунда узунураак. Жумушчу кумурскалары белгилүү, эркектери жана ургаачылары азырынча жазылган эмес .

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Жетишерлик изилденген эмес. Түр Төмөнкү Поволжңеден жазылган , ошондой эле Ростов областында, Калмакстанда, Батыш жана Түштүк-Чыгыш Казакстанда, Монголияда , Кыргызстанда – Чүй өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндө белгилүү (Орловка айлынын тегерегинде) .

Жашаган аймактары түзөтүү

Rossomyrmex кадимки дың талаалардын топурактарын уялаган Proformica Ruzsky түркүмүндөгү кумурскалардын уюктарында кездешет, Кыргызстанда деңиз деңгээлинен 1150 м жакын бийиктикте анча кенен эмес тилке менен тоо этектеринде кездешет.

Саны түзөтүү

Бир нече сааттык каттоодо топурактын үстүндө жана таштардын алдында бир нече особ кездешкен , ал эми эки жумадан кийинки кайталанган каттоодо ал жерлерде кумурскалар табылган эмес . Жашаган жерлерине окшогон бөлөк биотоптордо атайлап издөө жыйынтыксыз болгон . ==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Анча изилденген эмес. Тиричилик циклынын көпчүлүгү жердин алдында ээсинин уюгунда өтөт болуш керек. Бул кумурскалар негизинен эртең менен кездешет, мүмкүн алар түнкүсүн көбүнчө активдүүдүр. R. proformicarum талаа бал кумурскасынын Proformica epinotal i s Kuzn.-Ug. жана P. nasuta (Nyl.) мите-кул ээлөчүсү. Чабуул убагында ар бир амазонка-кумурскасы бөлөк кумурсканы тиштей качат; бал кумурскалардын уюгу табылганда, россомирмекстердин бардыгы катышып талоонго алышат, кайра кайтканда ар бири бирден куурчакча «кул» кумурсканы ала кетишет . Кыргызстанда россомирмекс июндун аягында катталган . ==Чектөөчү факторлор== Жашаган жерлери активдүү антропогендик зонага туура келет. Бардык жерлерде күчөтүлгөн жайыт, чөп чабуу, сугаруу жана пестициддер менен булгоонун натыйжасында жаратылыш коомчулуктарынын деградацияланышы катталууда. Түрдүн ээси болгон P. epinotalis саны да төмөндөө коркунучунун алдында турат. Республикада белгилүү бөлөк амазонканын эки түрүн (эркектери менен ургаачылары белгилүү болгон кадимкилери) кумурскалардын бөлөк түрлөрү “кул” катары пайдаланышат, алар атаандаша алышпайт. ==Көбөйтүү (колдо багуу)==Жүргүзүлгөн эмес.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Азыркы мезгилде эч жерде корголбойт.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Ээ – кумурскалардын жашаган дың жерлерин табигый алгачкы абалында коргоо. Кошумча издөөлөрдү жүргүзүү, дың жерлердин бардык энтомокомплексин коргоо менен биотопторду деградацияга дуушар кылган бардык факторлорду четтетүү режимин киргизүү; көбөйүүсүнүн биологиясын жана таралышын изилдөө максатка ылайык.

Статусу түзөтүү

II категория (VU B2ab(iii); C2b; D2). Дың жерлер фаунасынын дизңюнктивдүү ареалдуу байыркы өтө сейрек кездешүүчү түрү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү