Кара тешик (black hole) – космостук зор нерселердин чексиз гравитациялык кысылуусунан (гравитациялык коллапс) пайда болгон космос объектиси. Зор жылдыздар эволюциясынын акыркы стадиясында, анын массасы жана бара-бара тартылуу күчү жогорулап, гравитациялык коллапска дуушар болот, б. а. анын кысылуусуна эч бир турукташтыруучу күчтөр каршы тура албайт. Ал учурда нерсенин тыгыздыгы чексизге, ал эми объектинин радиусу нөлгө умтулат. Эйнштейндин салыштырмалуулук теориясына ылайык Кара тешиктин борборунда мейкиндик менен убакыттын сингулярдуулугу (чексиздиги, өзгөчөлүгү) орун алат. Кысылуудан жылдыздын бетиндеги гравитациялык талаа чоңоёт, бөлүкчөлөрдүн бөлүнүп чыгышы жана нурлануу кыйындайт. Бара-бара андай жылдыздар бир жактуу мембранага, башкача айтканда нурланууну жана бөлүкчөнү ичин көздөй гана тартып, сыртка эч нерсе чыгарбоочу кара тешикке айланат. Аны мейкиндик менен убакыттын касиеттеринин чукул өзгөрүшүнөн байкоого болот жана ал Шварцшильд радиусу деп аталат. К. Шварцшильд 1916-жылы Эйнштейн теңдемесинин айланбаган кара тешик үчүн так чыгарылышын тапкан жана анын ысмында аталып калган. 1963-жылы жаңы зеландиялык физик Рой Керр айлануучу кара тешик үчүн Шварцшильд радиусун аныктаган, мисалы, 3 Күн массасындай кара тешик үчүн ал радиус болгону 9 км. Биздин галлактикада көптөгөн кара тешик бар. Зор кара тешиктер галлактиканын борборунда жайгашкан. Ал эми өлчөмү атомдукундай кара тешиктер Аалам эволюциясынын алгачкы фазасында, жогорку тыгыздыктагы абалда эле пайда болгон деп божомолдонот. Кара тешикке жакын келген космос нерселери, өлчөмүнө карабай талкаланып жок болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү