Кара үңкүрКара-Кулжа районунун аймагындагы үңкүр, Тар суусунун алабында жайгашкан.

Кыргызстандагы гипстүү катмарда пайда болгон эң ири үңкүр. Алгачкы жолу 1970-жылдардын аягында В. Е. Рейс жетектеген спелеологдор тарабынан ачылып, изилденген. Жалпы уз. 940 м, туурасы 10 мге чейин. 1930-ж. басмачылар баш калкалаган жай болгон. Азыр тарыхчылар м-н спелеологдордун кызыгуусун арттырууда.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2