Кара өпкө (Pleuropneumonia infectiosa caprarum) – эчкинин жугуштуу ылаңы. Ылаңдаткычы – Mycoplasma mycoides var capri микроорганизми. Табигый шартта 3 жашка чейинки эчкилер ылаңдайт. Ылаңдын негизги булагы ылаңдуу жана ылаңдап айыккан эчкиден дем алуу органдары аркылуу жугат. Багуу жана тоюттандыруу начар болгондо жана жылдын суук мезгилинде ылаң өтө тез тарайт жана оор өтөт. Улак чоң эчкиге караганда туруктуу келип, көбүнчө 5–8 айлыгында ылаңдайт. Табигый ылаң тараткычтар – жапайы эчки-теке, элик жана башка ача туяктуулар. Ылаңга чалдыккан малдын 90–100%и өлөт. Ылаңдын букма (жашыруун) мезгили 5–20 күн. Ылаң курч жана өнөкөт өтүшү мүмкүн. Ылаң курч өткөндө малдын жалпы абалы начарлайт, температурасы 1–2 градуска жогорулайт. Адегенде тумшугунан сары суу, кийинчерээк ириңдүү илээшкек суюктук куюлат, жөтөлөт, 2–3 күндөн кийин жөтөлү күчөйт, кырылдайт, деми кыстыгат, чычкактайт. Бооз эчки улак салат. Ылаң өнөкөт өткөндө акырындык менен малдын температурасы калыбына келет, жалпы абалы оңоло баштайт, мезгил-мезгили менен гана жөтөлөт. Багуу жакшыртылып, убагында дарыласа, көпчүлүгү айыгат. Вакцина менен ылаң чыккан чарбада алдын алуу максатында эчки 7 күн аралык менен эки жолу эмделет. Алдын алуу үчүн башка жактан алынып келинген эчкилер 30 күндүк карантинге коюлуп, ылаңдын бар же жогу текшерилет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү