Карбеков Жумабек
Карбеков Жумабек 1972-жылы 10-июнунда Сузак районунун Октябрь кыпггагында туулган.
- 1989- жылы Макаренко атындагы орто мектебин, Россия Федерациясындагы Новосибирск шаарындагы жогорку аскер окуу жайын аяктап, Кыргызстанга кызмат кылганы кайтып келген.
- 25 жылдан ашуун аскер кызматында, Кыргызстандын жергесинен сыртка чыкпай кызмат кылган.
- Эгемендүү Кыргызстандагы болуп өткөн, болуп жаткан тарыхый окуяларда түздөн- түз катышуусу бар.
- Элибиздин, жерибиздин бейпилдигин камсыз кылуу максатында Баткен окуясында,
- 2005, 2010- жылдардагы окуяларда милдетин так аткарган.
- Көргөзгөн эрдиктери үчүн 3- даражадагы «Манас» ордени менен жана башка көптөгөн медалдар менен сыйланган(локалдык конфликтердин катышуучусу, Баткен окуяларынын, куралдуу күчтөрүнүн, ички иштер министрликтин юбилейдик медалдары).
- Билимин жогорулатуунун негизинде ОшМУнун юридикалык факультетинде окуган, Жалал Абад мамлекеттик университетинин сырттан окуу бөлүмүнүн аспиранты.
- Аскердик чини полковник.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3