Карбеков Таалайбек
Карбеков Таалайбек 1961-жылы 19- февралда Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган.
- 1977- жылы Макаренко орто мектебин аяктап, Фрунзедеги Айыл чарба институтуна тапшырат.
- Кесиби боюнча инженер-гидротехник.
- Эмгек жолун 1985-жылы Көк- Арт совхозунда инженер-гидротехник болуп иштеп баштаган.
- 1991-1996 жылдары Дружба совхозунда инженер, АО Жалал-Абад суу курулушунда башкы инженер болуп иштеген.
- 1996-2003-жылдары кайрадан уюшулган «Көк-Кыя» дыйкан чарбасынын башкармасы болуп эмгектенген.
- 2003-2011-жылдары «Таза Суу» проектиси боюнча, Ырыс а/ө «Зашитная» дамбасында, Октябрь айылында « Обьединяюший» каналында, Көк- Арт насостук станциясында, Курманбек каналынын курулущуида технадзор,
- 2011- жылдан кайрадан «Көк-Кыя» д/чарбасын жетектеп, үзүрлүү эмгектенип келе жатат.
- Октябрь кыштагында биринчилерден болуп теплица куруп, азыркы учурда дыйкандарды жашылча көчөттөрү менен камсыз кылып турат.
- Жаштар үчүн эс алуучу жай уюштурган.
- Анда: бильярд, теннис, шахмат оюндары ойнолуп, турнирлер уюштурулуп турат
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3