Карбоциклдүү бирикмелер

Карбоциклдүү бирикмелер, изоциклдүү бирикмелер — мол-сында көмүртек атомунан түзүлгөн цикли (шакеги) бар орг. бирикмелер. К. б. алициклдүү жана ароматтык болуп бөлүнөт. Ароматтык бирикмелерге бензол жана анын гомологдору менен туундулары, трополондор, азулендер жана башка кирет. Алициклдүү бирикмелерге каныккан алициклдүү бирикмелер, полиметилендүү бирикмелер (циклоалкандар жана алардын туундулары) мис., циклопропан, циклогексан, гексахлорциклогексан, каныкпаган алициклдүү бирикмелер, (циклобутен, циклопентадиен) кирет. К. б. циклинде көмүртек атомунун жана циклдери саны ар түрдүү. Шакектер санына жараша К. б. бир ядролуу же моноциклдүү, би-, три-, жана полициклдүү болуп бөлүнөт. Эки цикл бири-биринен көмүртектик түз чынжыр м-н, мис.,

дифенилэтан С6Н5-СН2-СН2-С,Н6 же жөнөкөй байланыш м-нбайланышы мүм-күн, мис., дифенил С6Н5-С6Н5 ; о. эле циклдер жалпы бир көмүртек атому менен байланышышы мүмкүн, мис., спиро-[3,4]-октан. Көпчүлүк учурларда циклдер жалпы эки көмүртек атомуна ээ жанашкан ядролор, мис., нафталин. Алицикддүү жана ароматтык бирикмелер хим. ыкма менен бири-бирине оңой өтөт. Мис., бензолду майдаланган Ni үстүнөн гидрирлегенде циклогексан алынат, ал эми УФ-нурландыруу менен хпорлогондо гексахлоргексан алынат. К. б. өтө кеңири тараган. Алар синтет. чайырлар, пластмасса, дары-дармек, боек, инсектицид жана башка заттарды алууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү