Карбюратор (французча carburateur) – суюк отун (бензин, керосин жана башка) жана абадан пайда болгон күйүүчү аралашманы даярдап, аны ичинен күйүүчү кыймылдаткычка үлүштөп берүүчү жабдуу. Карбюратордогу күйүүчү май чачырап, аба менен аралашып, бууланат да, пайда болгон аралашма кыймылдаткычтын цилиндрлерине берилет. Анда аралашма тез жана толук күйүп, аба кысылганда поршендер иштейт. Күйүүчү аралашманы даярдоо карбюрация деп аталат. Цилиндрлерге келүүчү күйүүчү аралашманын саны дросселдик тоскуч аркылуу жөнгө салынат. Карбюратордун ар кандай иштөө тартибинде күйүүчү аралашманын керектүү сапатын автоматтык жөнгө салгыч-өлчөгүч жабдуу камсыз кылат. Бул учурда цилиндрге кирген абанын өлчөмү дроссель клапаны аркылуу жөнгө салынып, күйүүчү майдын бүркүү учуру электрондук жабдуу менен аныкталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү