Карга аке, Карга Мендегул уулу
Карга аке, Карга Мендегул уулу (1718, туулган жери белгисиз – 1828, азыркы Ысык-Көл облусу Жети-Өгүз району, Даркан айылы) – Ысык-Көл өрөөнүнөн чыккан 7 акенин бири; Батыш Сибирь генерал-губернатору менен сүйлөшүү үчүн 1824-жылы элчи жиберүүгө демилге көтөргөн бийлердин бири. Карга аке кара кылды как жарган калыс болгондуктан, эл ичинде «калыстыкты Каргадан тап» деген сөз калган. Мындан тышкары «Жетимге санаалаш, жесирге каралаш бол», «Кайратты элден, келбетти жерден ал», «Тазалыкты суудан, ынтымакты туудан ал» деген накыл сөздөр Карга акеге тиешелүү делет. 1996-жылы ага күмбөз тургузулган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9