Ришелье Арман Жан дю Плесси (Armand-Jean du Plessis, duc de Richelieu; 5. 9. 1585, Франция, Париж – 4. 12. 1642, ошол эле жер) – Франциянын мамлекеттик ишмери, абсолютизмдин көрүнүктүү өкүлү. 1622-жылдан кардинал. 1624–42-жылдары Людовик ХIIIнүн биринчи министри, Франциянын иш жүзүндөгү башкаруучусу. Абсолютизмдин чыңдалышына шарт түзгөн. Гугенотторду саясий укуктан ажыраткан; административдик, финансы, аскердик реформаларды ишке ашырган; феодалдык козголоңдорду, элдик көтөрүлүштөрдү баскан, өлкөнү борборлоштурууну тездеткен. Тышкы саясатында Габсбургдардын Европадагы үстөмдүгүнө каршы чыккан. Ал соода менен мануфактураны, маданиятты өнүктүрүп, Француз академиясын негиздеген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү