Кардиоспазм
Кардиоспазм - кызыл өңгөчтүн жыйрылуу жөндөмү жана карындын оозунун рефлекстик ачылуусу бузулуудан пайда болгон оору.
Тамактын кызыл өңгөчтөн карынга өтүүсү кыйындайт. Белгилери: дисфагия, төштүн ич жагынын оорушу, кусуу, кулгуу. Дарылоо дары каражаттары, ошондой эле хирургиялык жол менен жүргүзүлөт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8