ЧӨЖӨ Каржабай уулу, Ж ө ж ө ы р ч ы (1808, казак жерге – 1895, Сарарка) – кыргыз жана казак ырчысы.

Кыскача өмур жолу түзөтүү

Чөжөнүн атасы Каржабай Чүй өрөөнүндөгү солто уруусунан; Каржабай Орто Жүз султандарынын чүйлүккыргыздарга баскынчылык чабуулунда казактарга колго түшүп кеткен. Ч. ошол казак жеринде туулган. Ата-энесинен эрте ажырап, жетим калган Ч. жети жашында катуу ооруп, эки көзү көрбөй, азиз болуп калган. Эр жеткенче башынан көп кыйынчылыктарды кечирип, көп кордук көргөн.

Акындык өнөру түзөтүү

Жаштайынан өлөң айтып, акындык өнөрү м-н күн көргөн. Бара-бара эл ичинде домбура чертип, чечен чыгып, ырчылыкты кесип кылган. Ал казак элинин «Козу Көрпөш, Баян сулуу»,«Кыз Жибек», «Кобланды баатыр», «Эр Таргын» сыяктуу эпикалык мүнөздөгү баатырдык лирикалык дастандарын (поэмаларын) домбуранын коштоосу м-н жогорку чеберчиликте айткан. Өз мезгилиндеги акындардын алды болуп, казактын он жети акыны м-н айтышып, баарын жеңген. Казак, кыргыз элиндеги айтыш өнөрүнүн албаны болгон. Анын ырлары жазуу жүзүндө сакталып калган эмес, бирок өзү ж-дө, кыргыз элинин чыгаан инсандары ж-дө ырдаган «Жалгызмын», «Байтик баатырга жолукканда» деген аз сандагы ырлары эл оозунда сакталып калган.

Ырлары түзөтүү

Ч-нүн казак элинин инсандарын, баатырларын даңктаган «Казактар жөнүндө», «Атамдын аты Каржабай, Жөжө өз атым» деген ырлары да элге кеңири белгилүү. Бул ырларда 18-к-дагы кыргыз-казак, калмак-казак мамилелери ж-дө тарыхый маалыматтар камтылган. Ч. акын кыргыз элин, жерин сагынып, Кунанбайдын уруксаты м-н кыргыз жерине келген. Бирок, Чүйгө, тууган-туушкандарына келип учурашып, ырдап жүргөндө, аны түшүнүп, жардам берген адам чыкпаган. Ошондуктан, Ч. казак жерине кайтып кетип, ал жактан каза болгон. Ч-нүн философиялык негиздеги терең мазмундуу ырлары 1990–2000-ж. гана кыргыз элине белгилүү боло баштады.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Б,2003