Кариб деңизинин каракчылары: Маркумдар жомок айтпайт

"Кариб деңизинин каракчылары: Маркумдар жомок айтпайт" (англ. Pirates of the Caribbean: Dead Men Tell No Tales, орус. Пираты Карибского моря: Мертвецы не рассказывают сказки) (Кариб деңизинин каракчылары: Салазардын өч алышы деген аталыш менен да белгилүү)[6] — 2017-жарык көргөн Американын фантастикалык тасмасы, "Кариб деңизинин каракчылары" сериясынын 5-бөлүмү жана "Таң калычтуу жээктерде" (2011) тасмасынын сиквели же уландысы. Режиссерлору Жоаким Ронниң менен Эспен Сэндберг, сценарийин жазган Жефф Натансон, продюсери Жерри Брүкгеймер. Жонни Депп (Таранчы Жек), Кевин Макналли (Жошами Гиббс) жана Жеффри Раш (Гектор Барбосса) өз образдарын кайра жаратышкан. Хавер Бардем (Армандо Салазар), Брентон Туэйтес (Генри Тернер) жана Кая Скоделарио (Карина Смит) да актердук топко киришкен. Мындан мурунку тасмага катышпай калган Орландо Блум (Уилл Тернер) менен Кира Найтли (Элизабет Суон) өз образдары менен кайтып келишкен.

Сюжети түзөтүү

Кира Найтли кыска убакыттын аягында Уиллдин аялы жана Генринин апасы Элизабет Свонндун ролун ойнойт.[1] Адам Браун, Дэнни Киррейн жана Делрой Аткинсон Джектин экипажынын мүчөлөрү,[2] ал эми түрмө сахнасында Пол Маккартни кыска убакытка Джектин агасы, Джек таякеси катары көрүнөт. Дэви Жонстун CGI силуэти пост-кредиттик сценада көрүнүп турат, бирок актёр Билл Найги каармандын сырткы көрүнүшү тууралуу маалыматы жок экенин айткан.[3]

Шилтемелер түзөтүү

  1. Keira Knightley confirmed for Pirates of the Caribbean 5.
  2. Kroll, Justin. 'Pirates of the Caribbean 5' Adds Three to Cast, Variety (5 -февраль (бирдин айы) 2015).
  3. Nugent, John. Exclusive: Bill Nighy had no idea he was in Pirates of the Caribbean 5. Empire (22 -август (баш оона) 2017).