Карикатура
Карикатура - чыгармадагы терс образдардын терс жактарын атайы күчөтүп көрсөтүү максатында анын сүрөтүн кемсинтип, тескери жактарын апыртып, бузуп тарткан учурлар кездешет. Мындай сүрөттөрдү карикатура деп атайт. Карикатура кээде адабий чыгармаларда кездешет. Анда автордун каарманга карата болгон антипатиясы берилет. Маселен, Шаршендин сатиралык «Тескери сүйүү» деген чыгармасы:
Башың бир кичик казандай, Балбырайсың басалбай. Төбө чачың саксайып, Булуңга чыккан камыштай. Мурдуң бир кичик муштумдай, Мурдагансата туш кылбай. Кебетеңди байкасам, Тарпка тойгон кузгундай.
Арийне, Шаршендин сатиралык чыгармалары басма сөзгө эмес, сценада аткарууга ылайыкталган. Болгондо да бир гана Шаршендин өзүнө гана. Бул тексттерди канча артисттер «Шаршенди туурап» аткарууга аракеттенишкен. Бирок, бирөө да Шаршенге жакындаша албаган. Анткени бул текст бир гана Шаршендин синкреттик искусствосуна (сөзү да, овону да, аткаруусу да өзүнүкү) толук түрдө шайма-шай келген болчу. Карикатура сүрөт искусствосунда күчтүү өнүккөн. Айрыкча саясий темадагы карикатура Совет мезгилиндеги атактуу карикатуристтер Кукрыниксы (Куприянов, Крылов, Николай Соколов), Борис Ефимов дегендер болгон.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү"Кыргыз адабияты энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү. Асанов, жооптуу редактор: А. Акматалиев. Бишкек - 2004